Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:44
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

"Тазалык" ишканасы Биринчи Май районундагы таштандыларды тазалай баштады

19.08.2022 15:37
431
"Тазалык" ишканасы Биринчи Май районундагы таштандыларды тазалай баштады

"Тазалык" муниципалдык ишканасы кайрадан Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы таштандыларды чыгара баштады. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.


Соңку учурда шаарда таштандыны өз убагында алып кетпей, ар жерде үйүлүп жатканы тууралуу дооматтар көп түшө баштаган. Август айынын башында пилоттук долбоор катары райондогу таштанды чыгарууну "Эко проф" ишканасына тапшыруу чечими кабыл алынган. Бирок тургундар топтолгон таштандылар андан дагы көбөйгөнүн айта башташкан.


"Тазалыкчылар" учурда таштанды үйүлүп калган аймактарда иштеп жатышат. Муниципалдык ишкана оңдоодо турган жабдууларды жарым-жартылай калыбына келтирди. Учурда аталган аймакта 14 атайын техника иштөөдө", — деп айтылат билдирүүдө.


"Тазалык" бул районду сынактын жыйынтыгы чыкканга чейин тейлей турганы кошумчаланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн