Жетинин айы 01, 2024
Убакыт: 11:30
USD
85.65
86.15
EUR
93.20
94.20
RUB
0.880
0.915

"Тазалык" мыйзамсыз объектилерди алуу иштерин жүргүзүүдө

02.12.2021 16:14
648
"Тазалык" мыйзамсыз объектилерди алуу иштерин жүргүзүүдө


Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте мыйзамсыз объекттерди алуу иштерин улантууда. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.


Ынтымактуу иштердин жыйынтыгын Патриса Луммубы көчөсү №70 үйдүн жанынан көрсө болот, ал жакта биздин топ уруксат кагазы жок коюлган эки күркө алынды.


Садыгалиев көчөсүндөгү №90 үйдүн маңдайындагы мыйзамсыз күркө демонтаждалды.


Элебаев жана Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинде өзүм билемдик менен орнотулган жеңил типтеги объекттилер дагы демонтаждалды, ошондой эле Скрябин көчөсүндө күркө алынды.


Мындан сырткары, берилген эскертүүлөрдүн негизинде Орозбеков жана Саадаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги күркө өз ыктыяры менен алынды.

Улан кичи районунда 4 күркө муниципалдык аймакты бошотту.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн