Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 11:23
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

"Тазалык" муниципиалдык ишканасында коррупциялык схема аныкталды

18.08.2022 17:28
640
"Тазалык" муниципиалдык ишканасында коррупциялык схема аныкталды

“Тазалык” ишканасынан акча каражаттарын чыгарып алуу боюнча коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Ага ылайык, “Тазалык” МИнын жооптуу адамдары тарабынан ишкананын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козгоп, акча каражаттарын чыгарып кетүү боюнча коррупциялык схеманы аныкталып, бөгөт коюлду.


Иликтөө иштеринин жүрүшүндө “Тазалык” МИнын Бишкек шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкерлери жеке кызыкчылыктары үчүн иш жүзүндө иштебеген же кыскартылган жана өлкөнүн чегинен тышкары жайгашкан адамдарга кызматкерлердин эмгек акысын эсептөө схемасын уюштуруп алганы аныкталган.

Бардык чыгарылып кеткен каражаттар схеманын уюштуруучулары тарабынан жеке муктаждыктарга бөлүнгөн.


Белгилей кетсек, кылмыш иши боюнча негизги айыпталуучулардын бири, “Тазалык” ишканасынын кызматкери депутат Ч.М. өткөн нааразылык акцияларынын демилгечилеринин бири болуп саналат, анын натыйжасында “Тазалык” МИнын жолго коюлган ишинде мүчүлүштүктөр болгон.


Кылмыш ишинин алкагында Ч.М. УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн