Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 15:09
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

"Тазалыкта" иштеген кызматкерлердин айлыгы 2 миң сомго көтөрүлдү

10.08.2022 14:15
890
"Тазалыкта"  иштеген кызматкерлердин айлыгы 2 миң сомго көтөрүлдү



Бишкек шаарынын мэриясы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын катуу таштандыларды чыгаруу бөлүмүнүн жумушчуларын, тактап айтканда жүктөгүчтөрдүн эмгек акысын көтөрдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын маалымат кызматы билдирет.


Маалыматка караганда, акыркы айда эмгек акы 2000 сомго көбөйтүлдү. Бул акча 15-августта 127 КТК ташуучуга чегерилет. Ошондой эле жетекчилик айлыктарды август айында көтөрүүнү пландоодо.


Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө 9 унаа оңдолуп бүттү. Учурда борбордо 48 атайын техника иштеп жатат.


Ошондой эле, Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн кошумча жерлер аныкталды. Буга байланыштуу кошумча 60 даана контейнер сатып алуу пландалууда.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн