БШКга "Тилектештик” саясий партиясынан 2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме түштү. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.
Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Осмонов Алмазбек Абдыжапаровичти, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары – Матиева Айгуль Каримовнаны дайындады.
Буга чейин 22 партия парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн