Чүй облусунун ИИББдүн Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Токмок шаарынын жашоочусунун бири мыйзамсыз ок атуучу курал сактап жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат алышкан. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 253-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызмат кабарлады.
Кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн бир катар ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, анын өздүгү аныкталган. 2021-жылдын 4-февраль күнү Чүй облусунун ИИББдүн КМКнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы, Токмок шаарынын ИИБдүн Криминалдык милиция кызматы жана ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Чүй облусу боюнча атайын операциялар отрядынын кызматкерлеринин катышуусунда Токмок шаарынан 1975-жылы туулган А.Б. аттуу жаранды кармашкан. Кароо жүргүзүү учурунда, жанынан номуру өчүрүлгөн “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча, 5 огу жана колго жасалган бычак алынган.
Кармалган жаран мурда бир нече жолу соттолуп, «Точка» каймана атыккан крим чөйрөдө «смотрящий» жана «положенец» статусуна ээ болуп, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам алдын алуу боюнча каттосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы аныкталган.
Маалымат катары белгилеп коючу жагдай, кармалган жаран буга чейин тоноо, уурдоо, опуза талап кылуу жана баңгизатын мыйзамсыз сактоо беренелери менен бир нече жолу соттолгон.
Учурда Токмок шаарынын ИИБдүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн