Бугу 03, 2024
Убакыт: 12:03
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

"Токтогул" атындагы адабий сыйлыктын ээси акын Жолон Мамытовдун жашоосунан элестер (Видео)

31.03.2021 12:43
1220
"Токтогул" атындагы адабий сыйлыктын ээси акын Жолон Мамытовдун жашоосунан элестер (Видео)

Кыргыз мамданиятына эбейгейсиз зор салым кошкон акын Жолон Мамытов быйыл тирүү болгондо 80 жашка толмок. 


Акын Жолон Мамытов 1940-жылы 1-апрелде Ош облусундагы Кара-Суу районунунун Төлөйкөн айылында туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин 1957-62-жылдары Бишкектеги И.Скрябин атындагы айыл-чарба институтунун ветеринария бөлүмүнөн окуган.

 Анын "Отту сүйөм", "Жашыл аалам", "Убакыт", "Ырлар", "Мезгилдин элеси", "Буурул таңдын жомогу", "Суунун өмүрү", "Жарышкан суулар", "Атка токум салгыла", "Жүз жашка тол кылым", "Башат жана Мухит" аттуу поэтикалык жыйнактары басмадан чыгып, адабият күйөрмандарынын алкоосуна татыган. Айрым чыгармалары орус жана башка чет тилдерге которулган. Өзү да Федор Тютчевдин, Афанасий Феттин, Владимир Маяковскийдин, Миколас Слуцкистин айрым чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Төмөндө Мамытовдун жашоосунан алынган сүрөттөрдүн видеосун сунуштайбыз.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн