Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" бекети убактылуу жабылды. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Торугарт" (Кыргызстан), "Тургат" (Кытай) көзөмөл өткөрүү жайлары Кытай тараптын демилгеси менен 2020-жылдын 10-декабрында автоунаалар жана адамдар үчүн жабылды.
"Торугарт" бекети 11-декабрь, саат 09:00дөн тартып кайрадан иштей баштайт", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн