Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 00:14
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

"Торугарт" жана "Эркечтам" бажы бекеттери күнү-түнү иштөөгө өттү

01.03.2024 12:50
173
"Торугарт" жана "Эркечтам" бажы бекеттери күнү-түнү иштөөгө өттү


2024-жылдын 1-мартынан тартып «Торугарт-автожолу» жана «Эркечтам-автожолу» өткөрүү пункттарында бажы кызматкерлери жумасына жети күн күнү-түнү кызмат өтөй баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Тышкы экономикалык ишмердүүлүктү камсыздоо жана мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан өткөрүү пункттарында күнү-түнү кызмат көрсөтүү үчүн Бажы кызматы бардык зарыл иштерди жүргүздү.

«Торугарт-автожолу» жана «Эркечтам-автожолу» өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

«Торугарт» өткөрүү пунктунда бүгүнкү күндө «Торугарт-2» комплексинин административдик имараты реконструкцияланып, алты жол тилкеси курулуп, жабык, жылууланган ангарлар орнотулду, анда бир эле учурда алты унаага карата бажы контролу жүргүзүлүшү мүмкүн.

Андан тышкары, учурда Мамлекеттик бажы кызматында тышкы сооданы өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнүн алкагында бажы процесстерин жана бажы контролун автоматташтыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Ачык-айкын эсепке алууну камсыз кылуу үчүн «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү пункттарында мамлекеттик номурларды окуу үчүн камералар орнотулуп, борборлоштурулган мониторинг жүргүзүүнүн аппараттык-программалык тутумдарын интеграциялоо иштери жүргүзүлүүдө.

Белгиленген өткөрүү пункттарында бизнес-процесстерди оптималдаштыруу максатында «Санарип тамга» долбоору пилоттук режимде ишке киргизилди, анын ичинде алдын ала маалыматтарды берүү үчүн жаңы портал, ошондой эле чек арада контролдоочу органдардын өз ара аракеттенүүсү үчүн маалыматтык тутум ишке киргизилди.

«Санарип тамга» долбоору Тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары тарабынан берилген алдын ала маалыматты контролдоочу органдар менен ыкчам алмашууга, ошондой эле товарлар өткөрүү пунктуна келгенге чейин контролдун формаларын жана түрлөрүн колдонуу боюнча чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет жана чек ара контролун жүргүзүү боюнча функциялардын кайталанышын жоюну караштырган «Бир терезе» механизмин жана «Бир токтоо» принцибин ишке киргизет.

Ошентип, «Торугарт-автожолу» жана «Эркечтам-автожолу» өткөрүү пункттарында бажы кызматкерлеринин күнү-түнү иштөөгө өтүшү, инфраструктураны жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле бажы процесстерин автоматташтыруу өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатат жана тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары үчүн ылайыктуу шарттарды түзөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн