«Түндүкэлектр» ишканасы 5,6 миңден ашуун абоненттерди аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирет.
Эртең, 7-декабрь, шейшенби күнү «Түндүкэлектр» ААКсы 5,6 миңден ашуун абонентти, электр энергиясына болгон карызы үчүн аралыктан өчүрөт. Белгилей кетсек, жалпы дебитордук карыз 12,3 миллион сомду түзөт.
Акционердик коом ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн