Журналист Мирзат Муканов Улуттук телерадио корпорациясынын "Эгиз тумар" долбооруна эмне үчүн чыкпай жатканынын себебин түшүндүрдү.
Анын айтымында, долбоордун айрым катышуучулары ыплас жол менен добуш топтоодо.
"Биз башка үч топ менен бирге сүйлөшүп долбоорго катышуудан баш тарттык. Анткени УТРК ыплас жолдор менен добуштарды эсептебей койгон.
Биз долбоорго катышуудан баш тарткандан кийин УТРК бизге ар кандай кысым көрсөтө баштады",- деди Муканов.
Белгилей кетсек, Мирзат Муканов Жанар Туратова менен долбоорго катышып келе жаткан.
Пикирлер (1)