25-мартта Индияда "Үч улуттун кубогу" мелдешинин алкагында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Мьянма курамасына каршы беттеш өткөрдү.
Оюн тең атаандаштыкта өттү. Беттештин 82-мүнөтүндө мьянмалыктар эсепти ачты. Кыргызстан оюндун акыркы мүнөттөрүндө 1:0 эсебинде жеңилип бара жатканда Кайрат Жыргалбек уулу гол жаратты.
Ошентип оюн тең чыгуу менен аяктады.
Кыргызстан эми үй ээлерине каршы беттеш өткөрөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн