Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Улан Узун" каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

02.03.2021 11:12
650
"Улан Узун" каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун таасирдүү мүчөлөрүнүн бири криминалдык чөйрөдө  "Улан Узун" деген ат менен белгилүү  Барчакеев Улан Кыйбатбекович кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.


Белгилүү болгондой, Барчакеев 1-мартта Бишкек шаарында кармалган. Анын катышуусу менен тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМКнын Мамлекеттик тергөө башкармалыгына жеткирилген.


"Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө бөлүмү тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында У.Барчакеевдин кылмыш иштерин жасаган жагдайлары жана анын кылмыштуу байланыштары аныкталууда",- деп айтылат билдирүүдө.


Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн