Бугу 02, 2024
Убакыт: 15:29
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

"Улуттар биримдигине" дагы бир партия бирикти

21.09.2021 12:24
576
"Улуттар биримдигине" дагы бир партия бирикти

"Улуттар Биримдиги" элдик партиясынын төрагасы Мелисбек Мырзакматов жана Кыргызстан Элдик-демократиялык партиясынын лидери Артур Медетбеков алдыдагы ЖКга шайлоого биргелешип катышуу үчүн биригүүнү чечишти. Бул тууралуу "Улуттар биримдиги" партиясынын лидери Мелис Мырзакматов кабарлады.


Маалыматка караганда, “Улуттар биримдиги” партиясы жана Кыргызстан Элдик-демократиялык партиясынын мүчөлөрү эгемендүү Кыргызстандын өнүгүшүнө биргелешип салым кошуу үчүн болгон аракеттерин бириктирүүнү көздөшүүдө.


Мындан тышкары, көптөгөн маселелер боюнча көз караштардын жалпылыгы, өлкөнүн келечеги үчүн кам көрүү да эки партиянын биригүүсүнө себеп болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн