Бугу 02, 2024
Убакыт: 09:12
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

"Улуттар биримдиги" менен дагы бир партия бирикти

16.09.2021 07:43
1623
"Улуттар биримдиги" менен дагы бир партия бирикти


Мелисбек Мырзакматов жетектеген “Улуттар биримдиги” элдик саясий партиясы жана Сайитжан ​​Эратов төрагалык кылган “Мекен сакчысы” коомдук бирикмеси алдыда өтө турган Жогорку Кеңешке шайлоого биргелешип катышарын жарыялады. Бул тууралуу  “Улуттар Биримдиги” саясий партиясынын лидери Мелис мырзакматов билдирди.


Тараптар мамлекеттик чек ара коопсуздугуна тиешелүү маселелерди чечүүдө салым кошуу үчүн болгон аракеттерин бириктирүүнү көздөшүүдө. Кыргызстандын туруктуулугуна жана мындан ары өнүгүүсүнө аракеттерибизди бириктирүүгө тийишпиз дейт Сайитжан Эратов.


“Тилекке каршы, биздин өлкөдө жашынан карысына чейин саясат менен алектенип калышты. Сүйлөшкөн сөздөрү саясат жана баалардын көтөрүлүшү. Ошол эле учурда мекенге болгон сүйүү анын чек араларынан башталаарын көпчүлүк түшүнө бербейт! Мен өмүрүмдүн 28 жылын Ата Мекенге кызмат кылууга арнадым жана бул кесипти абдан жакшы билем. Кыргыз эли улутуна карабастан мекенин чын дилден сүйүшөт, пандемия учурунда, андан соң акыркы Баткен окуяларында биримдиктин жана ынтымактын үлгүсүн көрсөтө алышты. Мен өз мекенимдин чыныгы патриоту катары, эгер керек болсо, биздин чек араны кайтарууга даярмын”, – деди Эратов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн