Бугу 02, 2024
Убакыт: 08:15
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

"Улуттар биримдиги" партиясы шайлоого катышат

31.08.2021 07:24
1137
"Улуттар биримдиги" партиясы шайлоого катышат

КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына «Улуттар биримдиги» элдик партиясынан» 2021-жылы 28-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу тууралуу билдирүү түштү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.


Партиянын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Руслан Болотбеков, финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Камиля Сыдыкова.


БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайоону дайындагандан кийин 5 календарлык күндүн аралыгында шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына катышуу жөнүндө жазуу түрүндө кабарлашы керектигин эскертет.


Саясий партиянын уставынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелген жазуу жүзүндөгү билдирүүгө саясий партиянын жетекчиси кол коюуга жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Жазуу түрүндө маалымдоо берүүнүн акыркы күнү – 2021-жылдын 3-сентябры, саат 18:00гө чейин.


Буга чейин "Социал-демократтар" саясий партиясынан КР ЖК депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу жазуу жүзүндөгү билдирүү түшкөн.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Зубагул
Ооба катышса болот колдойбуз