Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 02:15
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

"Улуттук" макамы берилген университеттердин ректорун президент тарабынан дайындалышы сунушталды

10.05.2022 16:19
1693
"Улуттук" макамы берилген университеттердин ректорун президент тарабынан дайындалышы сунушталды

Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Министрлер кабинети тарабынан демилгеленген “Билим берүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору талкууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.


Белгилей кетсек, ушундай эле мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов тарабынан да демилгеленген.


Жыйында баяндама жасаган билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев мыйзам долбоору билим берүү жаатындагы коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга жана жогорку окуу жайларын башкарууну оптималдаштырууга багытталгандыгын белгиледи.


“2012-жылы Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик окуу жайлардын ректорлорун шайлоо аркылуу кызматка коюу тартиби киргизилген. Мындай кадамдын негизги максаты демократиялаштыруу жана жогорку окуу жайларга академиялык эркиндик берүү болгон. Бирок бул эреже өзүн актаган жок” – деди министр. Тажрыйба көрсөткөндөй ректорлорду шайлоодо бөлүнүүчүлүккө жол берилип, добуштарды сатып алуу өңдүү мыйзамсыз аракеттер болгон.


Ага ылайык, “улуттук” макамы бар мамлекеттик жогорку окуу жайлардын ректорлорун Президент тарабынан, ал эми калган мамлекеттик жогорку окуу жайларды Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дайындоо сунушталууда.


Талкуу маалында депутат Шайлообек Атазов аталган өзгөртүүгө карата Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын Ассоциациясынын пикирин сурады.


Өз кезегинде Ассоциациянын төрагасы Абдылда Мусаев сунушталган өзгөртүү максатка ылайык экенин билдирди.


Ошондой эле депутаттар ректорлорду шайлоодо Окумуштуулар кеңешинин пикирин да эске алуу керектигин айтышып, муну менен катар илимий даражаларына да көңүл буруу зарылчылыгын кошумчалашты.


Мындан тышкары тармактык комитеттин жыйынында Э.Гареев атындагы Ботаникалык бак Илимий-изилдөө институтун сактоо жана өнүктүрүү чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору да каралды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн