Бугу 14, 2024
Убакыт: 16:24
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

"Улуу Журт" партиясына расмий түрдө эскертүү берилди. Себеби...

01.04.2021 10:01
620
"Улуу Журт" партиясына расмий түрдө эскертүү берилди. Себеби...

Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы "Улуу Журт" партиясына расмий түрдө эскертүү берди. Бул тууралуу Кайрат Маматов "Кактус.медиа" редакциясына билдирген. 


Маалым болгондой, партиянын мүчөсү Барчынай Алимбек кызынын "Ата Журт Кыргызстан" партиясынын лидери Бабур Төлбаевге карата айткан сөздөрүнө байланыштуу АШКга арыз түшкөн.  Комиссия мүчөлөрү арызды карап чыгып, "Улуу Журт" партиясынын мүчөсүнүн айткан сөздөрүн шайлоо алдындагы үгүт мыйзамдарын бузуу деп тапкан.

Партияга расмий түрдө эскертүү берилип, социалдык тармакта Алимбек кызынын кайрылуусун өчүрүү жүктөлгөн. Мындан тышкары ал Бабур Төлбаев жөнүндө айткан сөздөрүнө түшүндүрмө берүүсү милденттендирилген. 


Эске салсак, Алимбек кызы Барчынай Бабур Төлбаевди "сүткор" деп атаган эле.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн