Бугу 02, 2024
Убакыт: 18:58
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

"Унаа" ишканасынын кызматкерлери мамлекетке ири суммада зыян келтирген

30.03.2022 15:49
434
"Унаа" ишканасынын кызматкерлери мамлекетке ири суммада зыян келтирген

Кыргыз транспорттук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын ИИМнин алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемесинде текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.


Текшерүүдө, аталган Мекеменин жооптуу кызматкерлери тарабынан «Sigma Compact 200» үлгүсүндөгү мобилдик асфальт чыгаруучу заводун, кошумча нарк салыгы төлөнбөгөндүгүнө жана бажы тарабынан шарттуу чыгарылгандыгына карабастан, мыйзамсыз каттоодон өткөрүлүп, натыйжада мамлекетке 7 млн 803 миң 165,01 сом зыян келтиргендиги аныкталды.


Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянттык менен пайдалануусу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн