Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 21:24
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

"Унаа" мекемеси айдоочулук күбөлүк берүүдө экзаменден өткөрүү үчүн 5000 миң сомдон талап кылган

"Унаа" мекемеси айдоочулук күбөлүк берүүдө экзаменден өткөрүү үчүн 5000 миң сомдон талап кылган

"Унаа" мамлекеттик мекемесинде жарандарга айдоочулук күбөлүктөрдү алуу үчүн квалификациялык экзамендерди тапшырууда туруктуу коррупциялык схема түзүп алышкандыгы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери автомектептердин мугалимдери менен жең учунан сүйлөшүп алышып, айдоочулардын тестирлөөсүнүн автоматташтырылган системага кирүү менен тестирлөөнүн жыйынтыктарын бурмалашкан. Натыйжада, айдоочулук мектептерде тиешелүү окуудан өтпөгөн адамдарга айдоочулук күбөлүк берилип жүргөн.

Мындан улам, Ош шаарындагы "Унаа" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси А.А.М. жана Ош облусу боюнча жетекчиси А.Б.Ж. компьютердик тестирлөөдөн жана практикалык башкаруудан "ийгиликтүү" өткөндүгү үчүн автомектептердин бүтүрүүчүлөрүнөн 5000 сом өлчөмүндө каражатарды системалуу түрдө алып турган фактылар аныкталган, жыйынтыгында, "Унаа" мамлекеттик мекемесинин бүтүрүүчүлөрү биринчи жолу экзаменде эле айдоочулук күбөлүк алышкан.



Белгилей кетсек, мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, УКМК Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине жарандарга айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө коррупциянын көрүнүштөрү жөнүндө аларды жоюу боюнча сунуштары менен бир нече жолу маалымдаган

Учурда ушуга окшогон схемаларды "Унаа" мамлекеттик мекемесинин башка аймактык бөлүмдөрүндө түзүлгөндүгүн аныктоо, ошондой эле бул коррупциялык схеманын бардык катышуучуларын жоопко тартуу иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн