Бугу 13, 2024
Убакыт: 20:36
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

"Унаа" мекемесиндеги тендер маселеси боюнча текшерүү жыйынтыгы 13-сентябрда айтылат

13.09.2021 09:25
821
"Унаа" мекемесиндеги тендер маселеси боюнча текшерүү жыйынтыгы 13-сентябрда айтылат

Эл аралык стандарттагы транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланктарын даярдоого тендер боюнча төмөндөгүлөрдү билдиребиз. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз ызматы билдирет.


Тендер ушул жылдын 21-июлунда Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси тарабынан жарыяланган. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик ишканалар же 51 пайыздан кем эмес мамлекеттик үлүшү бар юридикалык жактар тендерге катыша алмак.


Түшкөн маалыматка ылайык, бланктарды даярдоого кызмат көрсөтүүсү үчүн жалпы суммасы 518,5 миллион сом сунуштаган “Гознак” ЖЧКсы менен келишимге кол коюлган учурда, бланктардын наркы дээрлик 2 эсеге жогорулашына алып келмек.


Ушул жылдын 26-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, "Унаа" мамлекеттик мекемесинин иши текшериле башталган.


Андан кийин тендер келишимге кол коюла электе эле жокко чыгарылган жана "Унаа" мамлекеттик мекемесине эл аралык стандарттагы транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланктарынын баасын жогорулатууга жол бербөө сунушталган.


Текшерүүнүн жыйынтыгы 13-сентябрда чыгарылып, коомчулукка жарыяланат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн