Камчыбек Жолдошбаев Жогорку Кеңештин имаратындагы спикердин кабинетин Талант Мамытовго бербейт. Мындай пикирин ал журналисттин суроосуна жооп берип жатып билдирген.
"Бул жактын баарын талкалап салгандан кийин депутаттар өздөрү ремонт жасады. Спикердин кабинетин ким оңдойт десем эч ким алган жок. Бир ай күттүм. Анан ремонт жасатып отурам. Мен бул кабинетти Мамытовго бербейм. Ал өзү башка кабинетте отурат" ,- деди Жолдошбаев.
Ошондой эле ал канчалаган компьютер сатып алып бергенин кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн