Бугу 09, 2024
Убакыт: 17:01
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

"Уят колун" көрсөткөн депутат билдирүү жасады

29.01.2021 11:18
1372
"Уят колун" көрсөткөн депутат билдирүү жасады

28-январда Бишкек шаарынын Чокморов көчөсүндө чыгыш тарапты көздөй бараткан Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин Lexus үлгүсүндөгү автоунаасына бир аты белгисиз чолок көчөдөн чыга калган Mercedes автоунаасы жол бербей унаалар кагылышкан. Бул тууралу жергиликтүү басылмалар жазды.


Негизги Чокморов көчөсүндө бараткан Lexus автоунаасына жол бербей,  чолок көчөдөн капыстан чыга калып, Mercedes автоунаасы жол жүрүү эрежелерин одоно бузду.

Жол кырсыгынан кийин Mercedes автоунаасынын айдоочусу митаамдык кылып, Lexus автоунаасына келип, анын рулда олтурган айдоочусуна эмес, арткы орундугунда олтурган депутат Камчыбек Жолдошбаевге асылып, “оозуна ак ит кирип, кара ит чыгып”, жол кырсыгына депутатты айыптап, анын документтерин көрсөтүүсүн талап кылып, чагым жасап, депутат ачуулангандан кийин аны телефонуна тартып алып, социалдык тармактарда таратууда.

Жол кырсыгынан кийин эки машина тең жол инспекциясынын айып аянтчасына токтотулган.

Азыр тиешелүү органдар жол кырсыгынын себептерин иликтеп, документтештирүүдө. Биз мунун баары мыйзамдуу болушун каалайбыз жана мыйзамга баш ийебиз.


Депутат Камчыбек Жолдошбаев бул жол кырсыгынын айынан айыпкерлердин чагымына жооп берем деп, ачууга алдырганы үчүн коомчулуктан кечирим сурайт”,-деп айтылат билдирүүдө

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн