Кыргызстандын жараны, Лейлек районунун тургуну Замир Чолоев Украинадагы согушта каза болгонун маркумдун жакындары ырасташты.
Аны тааныгандар Чолоев Орусияда абакта отурган жана "Вагнер" аркылуу согушка тартылганын айтып жатышат. Туугандары маркумдун сөөгү Кыргызстанга алып келингенин, бүгүн, 15-февралда тажыясы болорун билдиришти.
Замир Чолоев тууралуу азырынча башка маалымат айтыла элек.
Булак: "Азаттык"
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн