Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Январда бийликти басып алууну көздөгөн". Токаев айткан таасирдүү кишилер кимдер?

04.01.2024 12:04
1506
"Январда бийликти басып алууну көздөгөн". Токаев айткан таасирдүү кишилер кимдер?


3-январда "Эгемен Казакстан" басылмасы Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кеңири маегин жарыялады. Анда Казакстандын ички жана тышкы саясаты, социалдык-экономикалык абалы талкууланды.

2022-жылы январь айындагы кандуу окуяга баа берип жатып, Токаев окуяны "шылуун топ" курчутканын, жогорку кызматтагылар бийликти басып алууну көздөгөнүн айтты. Бирок алар кимдер экенин айткан жок.

"Мен Назарбаевге анын жакын санаалаштарынын саясий амалы өлкөнү дээрлик талкалап салганын ачык айттым" деди.

Токаевдин маеги

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин "Эгемен Казакстан" басылмасына курган маеги кандуу Январь окуясынын эки жылдыгына туш келди. Ага чейин казак бийлиги Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Карим Масимовду, анын орун басарларын жана башка жогорку кызматтагы адамдарды "бийликти басып алууга аракет кылган" деген айып менен жоопко тартып, соттогон. Жогорку кызматтарды аркалагандар кандуу коогалаңдан кийин кызматтан алынган.

Токаев менен маектешкен "Эгемен Казакстан" гезитинин башкы директору Дихан Камзабекулы январь айындагы окуяга эмне себеп болгонун сурады.

Казак президенти адегенде “Кайгылуу Январь окуясына көп жылдардан бери топтолгон социалдык-экономикалык көйгөйлөр, бийликти жана коомду алсыраткан жалпы сенектик абал себеп болду” деп жооп берди.

2019-жылы өзү президент болуп шайлангандан кийин "саясий система демократиялаштырууга, коомдук жашоонун эркиндигине, экономикадагы монополияны жоюуга бурулганын жактырбаган кээ бир таасирдүү адамдардын жоругу катары" сыпаттаган. Бирок ал таасирдүү адамдардын ысымын атаган жок.

"Алар бул өзгөрүүнү өлкөдөгү тамыры терең системага жана бийлик структурасындагы өздөрүнүн "өзгөчө статусуна" коркунуч катары кабыл алышты. Андайлар өлкөдөгү өзгөрүүлөргө каршылыгын тымызын, кээде ачык эле айта баштады. Акыры алар өздөрүнө ыңгайлуу болгон эски абалга кайтуу үчүн реформаны артка кайтарып, баарын жок кылууну чечишти", - дейт Касым-Жомарт Токаев.

Президенттин айтымында, "жогорку кызматтагы бул топтун күч түзүмдөрүнө жана кылмыш дүйнөсүнө таасири чоң болгон. Ошол себептен алар бийликти күч менен басып алууга бел байлашкан".

Өз маегинде Токаев бир нече жолу Башкы прокуратуранын тергөө маалыматтарын да айтты. Ал келтирген Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, "кылмыштуу топ 2021-жылдын ортосунан тарта даярдык көрө баштаган". Токаев "ошондо өкмөт суюлтулган газдын баасын кескин жогорулатуу боюнча ойлонулбаган, мыйзамга туура келбеген чечим кабыл алган" деп билдирди.

Суюлтулган газдын баасын көтөрүүнү чечкен өкмөттү Казакстанда көп жылдар бою бийликте турган Аскар Мамин жетектеп, Назарбаевдин тушунда премьер-министр болуп дайындалып, эки жолу Токаев өзү бекиткен. Аскар Мамин Январь окуясы курчуп кеткенде Токаевдин буйругу менен кызматтан алынган. Бирок Аскар Мамин январдагы кандуу окуя үчүн жоопко тартылган жок.

"Январдагы террористтер"

Токаев маегинде Январь окуясын үч толкунга бөлдү. "Үчүнчү толкун чет элдик террористтер менен байланышы бар кылмыштуу топтор агрессивдүү иштей баштаганда күчөдү. Атайын технологияларды, чагымчыларды жана ууруларды колдонуп, тынч демонстрацияларды массалык баш аламандыкка айлантып жиберишти. Уруп-сабоо, зордук-зомбулук, башкалардын мүлкүн атайылап жок кылуу болду", - деп сыпаттады Токаев.

Казакстандын президенти "Кылмыштуу топтор жана өтө динчил экстремисттер мамлекеттик төңкөрүш жасоо планын ишке ашыруу үчүн биргелешип иштешкен. Алардын максаты өлкөдө коркуу сезимин жаратуу, мамлекеттик институттардын ишин, конституциялык түзүлүштүн пайдубалын туруксуздаштырып, акыры бийликти басып алуу болгон" деди. Ал Январь окуясы учурунда сүйлөгөн сөзүндө да ушундай эле билдирүү жасап, "сырттан 20 миң террорист кирди" деп билдирген.

"Январь окуясында Борбор Азиядагы айрым өлкөлөрдөн учуп келип, кайра артка кайткан террористтер" тууралуу маалымат расмий тастыкталган жок. Кийинчерээк Казакстандын укук коргоо органдары Кыргызстан менен чек арадан кармап, "жалданма экстремист" деп тапкан кыргыз жараны катардагы музыкант экени белгилүү болгон.

"Казакстандын укук коргоо органдары бейкүнөө адамдарды сабады" деген кыргызстандык жаран сотко кайрылган.

Токаев кимди "өтө динчил" деп атаганы белгисиз. Январь айындагы окуядан кийин "Йакын инкар" диний эсктремисттик уюм катары бул окуяга тиешеси бар он чакты кишини кармап, алардын сүрөттөрүн жарыялаган, бирок бийлик алардын чындап эмне кылганы жана жоопко тартылганы тууралуу эч кандай маалымат жарыялаган эмес. Январь окуясы боюнча "Йакын Инкардан" башка бир дагы диний уюмдун мүчөсү кармалып, сот жообуна тартылган эмес.

Токаевди ким "кет" деген?

Токаев маегинде Январь окуясында Акордодон кетпей, өжөрлүгүн көрсөткөнүн баса белгиледи.

"Ички иштер министрлиги аркылуу Акордо резиденциясына кол салуу болуп, "жүк ташуучу унаалар колдонулат" деген маалымат келип түшкөн. Мага бир нече жолу резиденциядан чыгып кетүүнү, жада калса чет өлкөгө чыгууну сунушташты. Бирок мен каршы чыктым. Телеберүүдөгү билдирүүлөрүмдүн биринде мен эмне болгон күндө да жумуш ордумда калам деп ачык айткам", - дейт Токаев. Бирок ал маегинде ага ким, кандай шартта "кет" деп айтканын ачыктаган жок.

Буга чейин Токаевге Акордону таштап кетүү сунуштары тууралуу бир нече маалымат тараган. "Мага Токаев өзү айтты" деген жазуучу, "Акордодо президенттин коопсуздук кызматы менен Карим Масимовдун ортосунда мушташ болуп, бычакталып, кан төгүлдү" деген журналист да болгон.

Казакстандык журналист Гүлнар Бажкенова Касым-Жомарт Токаев менен Карим Масимовдун кытай тилинде диалогун да кеңири айтып берген. Бирок бийлик бул маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да эмес.

"Январь окуяларын "көтөрүлүш" деп атоо - кылмышты актоо"

Президент менен сүйлөшкөн "Эгемен Казакстандын" башкы директору "Январь окуясын элдик төңкөрүш, жада калса революция деп атагандарга эмне дейт элеңиз?" деген суроо узатты.

Токаев буга: "Тынчтык демонстрацияга тапанча, курал-жарак менен кимдер барат? Туура ниети бар адам аскер кызматкерлерин сабап, өлтүрүп, тирүү калкан кылып, административдик имаратка кол салабы? Тынчтык демонстрацияда дүкөндөр, банктар талкаланып, тонолуп, унаалар өрттөлөбү?! Өкмөттүк имараттарга жана полиция бөлүмдөрүнө кол салуу тууралуу айтпай эле коелу", - деп жооп берди.

- Январь окуясынын себептерин, кесепеттерин бурмалоонун кереги жок. Туурасын айтсам, "бул элдик төңкөрүш болгон" деген дооматтар кылмыш иштерин актоо үчүн айтылууда. Бейбаштарды баатыр кылуу, коомчулукту дүрбөлөңгө салуу, жоопкерчиликти алуу идеялары коомдук аң-сезимге криминалдык психологиянын кирип кетишине алып келет. Мындай кеп улуттун коопсуздугуна, элдин тынч жашоосуна коркунуч келтирген массалык баш аламандыкка үндөгөн менен барабар. Бул өтө кооптуу жараян, - дейт Токаев.

Казак коомунда Январь окуясы "элдин массалык төңкөрүшү" деген пикирлер да бар.

Казакстанда кош бийлик болгонбу?

Маекте Январь окуясына чейинки "кош бийлик" тууралуу да сөз болду. Токаев бул тууралуу "Кээ бирөөлөр бийликтин кош системасын орнотууга аракет кылышты, алар атайылап, кылдаттык менен ушундай акцияларды уюштурганы чын. Саясий шылуундар "бийликтин транзити" учурундагы кырдаалды өз кызыкчылыгына пайдаланып, кош бийлик түзүүгө аракет кылышкан. Бизде президент менен башкы командачы өзүнчө, мурдагы президент ээлеген коопсуздук кеңешинин төрагасынын кызматы бөлөк болчу. Бул эки кызматтын ээлери бир убакта кызмат өтөшкөн. Жыйынтыгында бул жагдай бийликте олуттуу каршылыктарды жаратпасы белгилүү болду",- деп жооп берди.

2018-жылы 15-августта Казакстандын ошол кездеги президенти Нурсултан Назарбаев Сенаттын ошол кездеги спикери Касым-Жомарт Токаевди кабыл алган.

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев 2019-жылы президенттик кызматты Токаевге өткөрүп берип, ал Коопсуздук кеңешинин төрагасы болгондон кийин саясий эксперттер "кош бийлик" орнотулганын байма-бай айтып келишкен. Бирок аны Токаев да, Назарбаев да бир нече жолу четке каккан.

Токаевдин айтымында, "дал ушул жагдай кандуу калабага алып келген шарттын бири болгон".

"Анткени компроматтар өздөрү ойлоп тапкан кош бийлик идеясын, башкача айтканда, "тандемди" даңазалап, өз кызыкчылыгына колдонгусу келген. Эсиңиздерде болсо керек, айрым аткаминерлер, анын ичинен мурдагы юстиция министри мурдагы президент макамы жагынан президенттен өйдө турат деген сөздөр болгон. Кээ бир аткаминерлер тигил же бул кабинетти кыдырып жүрүшкөн. Алар ары-бери ойноп жүрүп, акыры от чыкты. Кийинчерээк мен Нурсултан Абишулы Назарбаевге анын жакын санаалаштарынын саясий текебердиги өлкөнү дээрлик талкалап салганын ачык айттым", - дейт Касым-Жомарт Токаев.

Бул суроону журналисттер ошол кездеги юстиция министри Марат Бекетаевге Казакстанда "кош бийлик" бар деген божомолдор күчөгөн маалда беришкен. Министр коопсуздук кеңешинин төрагасынын ыйгарым укуктарын ачык айтып, талаш-тартыш чыккан. Анда президенттин маалымат кызматы "бийлик президентте "деп жооп берген, бирок коомчулукта ишенбөөчүлүк пайда болгон.

Казакстандын президенти буга чейин Нурсултан Назарбаев менен Январь окуясы тууралуу сүйлөшкөнүн, ага өнөктөштөрүнүн аракеттерин айтканын билдирген эмес. Бирок Токаев бул жолу да "Назарбаевдин шериктери" кимдер экенин так айткан жок.

Саясий туткундар жөнүндө мыйзам керекпи?

Журналисттин Казакстанда саясий туткундар барбы деген суроосуна Токаев "Биздин мыйзамдарда саясий көз карашы үчүн жарандарды жоопко тартууга негиз болгон бир да жарлык, мыйзам, нормативдик документ жок" деп жооп берди.

Мамлекет башчынын айтымында, "саясий куугунтук болуп жатат деп айтуу үчүн цензура, атайын мыйзамдар жана жазалоочу органдар болушу керек".

Бирок эл аралык тажрыйбада бир да бийлик саясий туткун бар экенин тааныбайт жана саясий куугунтук үчүн атайын мыйзамдарга кайрылбайт. Маселе бийлик бутактары борбордук бийликке көз каранды экендигинде. Казакстанда сот бийлигине аткаруу бийлигинин таасири чоң экени айтылып келет.

Соңку жылдары Казакстандын бийлигин сындап, ага каршы чыккан бир нече адам соттолгон. Аларга "экстремисттик уюмга мүчө" жана "массалык башаламандык уюштурган" деген айыптар тагылган. Бирок алар жана укук коргоочулар бул иштердин саясий өңүтү бар экенин айтып келишет.

"Президенттик мөөнөт мындан кийин өзгөрбөйт"

Токаев өз сөзүндө "кош бийлик" идеясын даңазалаганы менен, мурдагы президентти кыйыр түрдө сындагандай болду.

"Кандай десек да, мен өлкөдө улуу же кичүү президент болбошу керек деп эсептейм. Кеттиңби - кайрылба! Келечекте өлкө башына келе турган атуулдар бул абалдан сабак алып, мындай нерселерден алыс болуп, мамлекеттин кызыкчылыгын, коомдун бакубаттуулугун гана ойлошу керек", - дейт Токаев.

"Эгемен Казакстандын" башкы директору "социалдык тармактарда президент Конституция боюнча референдум өткөрүүнү жана 2026-жылы кайра шайлоого катышууну пландап жатат деген имиштер тарады, бул чынбы" деген суроосун узатты.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда мындай кептер тарай элек. Ал эми Токаев муну "жалган маалымат" деп сыпаттады. Анын айтымында, "президентти бир гана жолу шайлоо эрежеси бар, ал эч качан өзгөрбөйт".

Казакстандын Конституциясы Назарбаевдин тушунда бир нече жолу өзгөргөн. Назарбаев президенттик мандатын бирде узарттып, бирде кыскарткан. Токаевдин Конституцияны өзгөртүү жана "бир адам бир нече жолу президент боло албайт” деген ченемди киргизүү демилгеси да каршылыксыз кабыл алынган.

Ушундай эле конституциялык өзгөртүүлөр коңшу өлкөлөрдө да жасалган. 2010-жылы президент Курманбек Бакиев бийликтен кулатылгандан кийин Кыргызстан "бир адам бир гана жолу президент болот" деген ченемди киргизип, бул эреже өзгөрбөй турганын билдирген. Кийин бийликке келген Садыр Жапаров Конституциядагы бул ченемди кайрадан өзгөрткөн.

Токаев ошондой эле Нурсултан Назарбаевге баа берип, "Анын эгемен Казакстан мамлекетинин түзүлүшүнө кошкон салымын баары билет. Ал адилеттүү тарыхый баа берүүгө татыктуу инсан" деп сыпаттады.

Токаев 2019-жылдын март айында өлкөнү 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаевден кийин президенттик кызматты ээлеген. Ал Казакстанда саясий реформаларды жүргүзөрүн убадалаган. 2022-жылы белгисиз жагдайда Назарбаевден Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын өткөрүп алгандан кийин, Токаев январдагы кандуу калабада "Жаңы Казакстанды" түзүп, бардык деңгээлде таза шайлоо өткөрөрүн билдирген. Бирок ал бийликке келгенден кийин өткөн шайлоолор мурунку шайлоолордон эч кандай айырмаланган жок.

"Эгемен Казакстанга" берген маегинде Токаев "негизги саясий реформалар аяктап калды" деп билдирди.

Бул макаланы казак тилинде бул жерден окуй аласыз.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн