"Жалал-Абад" санаториясында минералдык суу аралашкан, дарылык касиетке ээ бассейн ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Иш-чарага президенттин өкүлү Тилек Текебаев, президенттин Иш башкармалыгына караштуу "Санаториялык-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана туристтик объектердин ишин башкаруу боюнча дирекция" мекемесинин орун басары Венера Батырбекова жана шаар мэри Эрнисбек Ормоков катышты.
Текебаев белгилегендей, аталган жай Жалал-Абаддагы минералдык суу аралашкан, дарылык касиетке ээ биринчи бассейн экенин белгилеп, мында жарандар үчүн ден соолугун чыңдоого жакшы шарт түзүлгөнүн кошумчалады.
Белгилей кетсек, "Жалал-Абад санаториясы" жылдан-жылга өзүнүн дарылоочу, эс алуу корпустарын жаңылап, инфраструктуралык шарттарын жакшыртууда. Санаторияда 2024-жылы 13 миңден ашуун ички жана чет өлкөлүк туристтер эс алган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн