Бугу 09, 2024
Убакыт: 11:10
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

"Жаңы Конституцияда жоопкерчилик дегендин жыты да жок"

10.02.2021 11:31
719
"Жаңы Конституцияда жоопкерчилик дегендин жыты да жок"

Конституцияны жаздык деген машаяктар Президенттин ыйгарым укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктоодо чаар баштык кылышыптыр... Эмне үчүн Президенттик башкарууга өтүү зарыл дедик эле? Анткени бир киши милдетти алсын, ошол киши жооп берсин деген аргумент болгон. Бирок жарыя болгон долбоордо ошол ЖООПКЕРЧИЛИК дегендин жыты да жок.


Эгерде Жогорку Кеңеш Өкмөттүн иши канааттандырарлык эмес десе, анда Президент Өкмөттүн жоопкерчилигин карайт дейт... Ошол эле жерде Президент Аткаруу бийлигин башкарат, анын башында турат деп турат... Эми муну кандай түшүнсө болот? Президент Аткаруу бийлигинин башында турат, бирок ишке, иштин натыйжасына такыр жооп бербейт деп эле жазылып турбайбы бул Долбоордо...


Эмилбек Каптагаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн