Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 02:12
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

"Жаңы шайлоо системасына толук баа берүүгө болбойт"

30.11.2021 19:54
4330
"Жаңы шайлоо системасына толук баа берүүгө болбойт"


Преференциалдык жана бир мандаттуу округдук шайлоо системасын биринчи жолу колдонуп көрдүк. Азырынча толук баа берүүгө болбойт, бирок айрым жыйынтыктар байкалып калды. 


1-“Партияны эмес, талапкерди шайлап, татыктуу депутаттарды алып келебиз” деген үмүт толук акталган жок. Мисалы, Бакыт Төрөбаевди азыркыга чейин “дары болсун” деп шылдыңдайбыз. Бирок ал 18 миң добуш алды. Бул сан Өмүрбек Текебаевдикинен 2 эсеге көп болуп жатат. “Альянстагы” Фарходбек Алимжановду тааныйсыңарбы? Ал Жанар Акаевден да көп добуш чогултту. Финполдун жетекчисинин мурунку орун басары, коррупцияга шектелип, кайра акталган Эмил Жамгырчиев, Азамат Исиралиев деген талапкерлер “Альянстын” алдыңкы жетилигине кирди. “Ынтымактагы” Бакыт Тентишев дегендичи? Ал партия лидери Марлен Маматалиевден алдыда турат. 


2-Партиялык система бир мандаттуу округдук системанын “аналогу” болуп калды. Ошол Төрөбаевдин мисалын алып көрөлү. 18 миң добуштун 10 миңден ашыгын өзү туулган Жалал-Абад облусунан алды. “Ынтымактагы” Тентишев 5600 добушунун 4600үн Чүйдөн алды. Мындай мисалдар көп. Алар депутат болуп келсе, ушул “максаттуу аудиториясынын” кызыкчылыгын алдыга коёт. Алардын ар бир көйгөйүн чечип берет да, башка менен башы оорубай туруп кийин да шайланып келе берет. Мында парламенттин таасирин күчөтүп, бийликтин тең салмактуулугун сактоо, бийликти "камчылап туруу" иши аксайт.


3-Бир мандаттуу округдардан Жогорку Кеңештин АЗЫРКЫ 10 депутаты кайра шайланды. Калган 15тей талапкер жеке ишкер, башкача айтканда, колунда бар адамдар. 3-4 округду эске албаганда жалаң колунда бар адамдар келе жатат. Бир мандаттуу округдардын талапкерлери партияларга караганда 3 эсе көп акча короткону да мына ошондон улам болуп жатат. Алар канчалык деңгээлде эл өкүлү боло алат, муну убакыт көрсөтөт. 


4-Маселени система чечип коё албайт. Ар бирибиздин аң-сезимибиз жогорулап, сынчыл көз карашыбыз калыптанып, бийликти туура тандап, алардан эмне күтөрүбүздү так аныктай билишибиз керек. Өзгөрүү ошондо гана болот.


Түмөнбай Абдинаби уулу, журналист 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн