Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:23
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Жаңы жылдык корпоративдерден кийин коронавирус жуктургандар көбөйдү",- Бейшеналиев

10.01.2022 09:53
648
"Жаңы жылдык корпоративдерден кийин коронавирус жуктургандар көбөйдү",- Бейшеналиев

Жаңы жылдык корпоративдерден кийин коронавирус жуктургандар көбөйдү. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.


Анын айтымында, мурдагыга салыштырмалуу медиктердин арасында да коронавирус жуктургандар көбүрөөк аныкталган.


"Азыркы учурда коронавирус боюнча статистикада өсүү байкалып жатат. Мунун себеби жаңы жылдык отуруш, корпоративдер.

Бардык эле адамдар жаңы жыл тосот, коноктоп туугандарына барат. Ошондуктан азыр коронавирус жуктургандар көбөйдү.

Ошондой эле, дарыгерлер дагы адам. Алардын да туугандары бар, алар дагы корпоратив өткөргөн болушу мүмкүн. Алардан дагы вирус аныкталып жатат",- деди министр Бейшеналиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн