Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:36
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

"Женго" УКТ лидерине карата кылмыш иши козголуп, анын бир мүчөсү кармалды

20.09.2024 13:16
191
"Женго" УКТ лидерине карата кылмыш иши козголуп, анын бир мүчөсү кармалды


Учурда опузалап акча талап кылууга шектелип камакта олтурушкан К.Досонов жана Э.А. суракка алынууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, арыз менен Ош шаарынын тургуну 1987-жылы туулган М.М. кайрылып, опузалап талап кылуу фактысы боюнча чара көрүп берүүнү суранган. Ал арызында көрсөткөндөй, өзүнүн бизнес өнөктөшү И.С. экөө 2013-жылдан тартып Ж.Н. аттуу аял менен биргеликте чогуу ишкерлик менен алектенишип, ал аял 6 500 000 сом акча кошконун, 7 жылда ага 23 400 000 сом акча каражатын беришкенин, 2019-жылдын декабрь айында банкрот болуп калышканын билдирген.


"Н.Ж. өзүнүн жети жыл мурда кошкон 6 500 000 акчасын өндүрүү максатында, уюшкан кылмыштуу топтун лидери К.Досоновко кайрылган.  Арыздануучу  М.М. менен бизнес өнөктөшү И.С.ти Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде жайгашкан машыгуу залында К.Досонов шериктери менен өмүрүнө коркунуч болоорун айтып коркутуп, акча каражатын талап кылышкан. Жабырлануучулардын бири  И.С. 1 580 000 сом акчасын К.Досоновдун кеңсесине “М” аттуу адам аркылуу келип берген. Андан сырткары, калган суммасы үчүн  “Хюндай Портер” үлгүсүндөгү автоунаасын жана 50 000 сом акчаны ошол эле “М” аттуу адамга бергендиги, ал эми арыздануучу М.М. болсо К.Досоновдун жакын адамын ортого салып, тынч коюлары үчүн 5000 АКШ долларын берип кутулган.  Андан кийин, жогорудагы бизнес өнөктөшү акча каражаттарын суроону токтоткон. Бирок, 2024-жылдын май айынан бери кайра талап кылып, УКТ мүчөлөрүнөн акча албаганын айткан. Ушундан кийин гана, жабырлануучу аталган окуя боюнча арыз жазууну чечкен", - деп айталт маалыматта.


Жогорудагы факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опуза талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.


ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-изилдөө иштерин жүргүзүп, бул ишке тиешеси бар адамдарды аныкташкан. 2024-жылдын 18-сентябрь күнү кылмышка шектүүлөрдүн бири 1981-жылы туулган М.М.  кармалды. Ал мурда бир нече жолу соттолгон.

Кармалган жарандын үйүн тинтүү учурунда “Калашников” автоматынын ок-дарылары табылып алынды.
Бул кылмышка шектуу катары учурда камакта олтурушкан К.Досонов жана Э.А. дагы суракка алынууда.

Учурда бул окуяга тиешеси бар башка адамдарды тактоого жана кармоого багытталган кошумча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн