Бугу 21, 2024
Убакыт: 00:25
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

"Жерүй" алтын кенинен бир айда канча киреше түшкөнү белгилүү болду

26.05.2021 12:11
1478
"Жерүй" алтын кенинен бир айда канча киреше түшкөнү белгилүү болду

Таластагы "Жерүй" алтын кенинде өндүрүш башталгандан кийинки биринчи айда бюджетке төлөмдөрдүн негизги үч түрү боюнча 140 миллион сомдон ашык каражат түштү. Бул тууралуу кенди иштеткен “Альянс алтын” компаниясынын сайтында жарыяланды.


Маалыматка ылайык, апрель айында "Альянс Алтын" компаниясы киреше салыгы үчүн төлөмдөрдү жүзөгө ашырды, роялти төлөдү жана инфраструктураны өнүктүрүүгө каражат которду. Жергиликтүү инфратүзүмдү өнүктүрүүгө төлөнгөн акча комбинат тапкан кирешенин 2 пайызын түзөт. Аны үч фонддун ортосунда бөлүштүрөт. 50 пайызы облусту, 30 пайызы районду өнүктүрүү фондуна кетет. Калган 20 пайызы кен чыккан жердеги жергиликтүү бюджетке чегерилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн