Бугу 09, 2024
Убакыт: 22:41
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

"Зенит" футбол клубунун формасы Кыргызстанда тигиле баштайт

13.06.2022 15:33
1009
"Зенит" футбол клубунун формасы Кыргызстанда тигиле баштайт



Бүгүн Zenit Premier Football менен кыргызстандагы Bigser Sport спорттук дүкөнү профессионалдык жабдууларды жеткирүү боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу КОӨФ башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков россиялык компаниялардын Кыргызстандагы диверсификацияланган бизнес миссиясынын ачылыш аземинде билдирди.


Ал мындан ары орусиялык спортчулардын формасы Кыргызстанда тигиле турганын баса белгиледи.


“Биз өлкөбүздүн экспорттук потенциалы коңшуларынан, атүгүл Европа өлкөлөрүнөн да артта калбаганына ишенебиз, ошондуктан россиялык компаниялар мындан аркы жемиштүү кызматташуу үчүн бүгүн ишенимдүү өнөктөштөрдү таба алышат”, - деди Артем Новиков.


Белгилеп кетсек, кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулган орусиялык компаниялардын миссиясынын ишине Россия Федерациясынан 100дөн ашык киши катышууда.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн