Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 22:58
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

"Өч алуу мезгили!". Түркия Стамбулдагы жардырууга байланыштуу атайын операция жүргүзүүдө (видео)

20.11.2022 09:00
822
"Өч алуу мезгили!". Түркия Стамбулдагы жардырууга байланыштуу атайын операция жүргүзүүдө (видео)

19-ноябрда Түркиянын Коргоо министрлиги Түркияда террористтик уюм деп таанылган "Күрд жумушчу партиясынын"  Ирак жана Сириядагы мүчөлөрүнө карата абадан сокку уруп, операция баштаганын билдирди.


Министрлик жүргүзүлүп жаткан операция Бириккен Улуттар уюмунун мыйзамынын алкагында ишке ашырылып жатканын кошумчалады.


"Өч алуу мезгили! Террористтер жардыруучу үчүн жооп берет",- айтылат Түркиянын Коргоо министрлигинин маалыматында.


Эске салсак, Стамбул шаарындагы Истиклал көчөсүндөгү жардыруудан 6 адам каза болуп, 80ден ашык адам жаракат алган.

Бул террактты уюштурууга шектелип бир нече адам кармалган жана алардын "Күрд жумушчу партиясына" тиешеси бар экендиги айтылган.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн