Бугу 17, 2024
Убакыт: 18:20
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

"Өнөр" командасы мелдеште чемпион болду

17.12.2021 21:43
1533
"Өнөр" командасы мелдеште чемпион болду

Бүгүн, 17-декабрда, кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футзал боюнча достук мелдешинин финалында “Өнөр” командасы “Алганы” 2:0 эсебинде жеңип, чемпион аталды.

Ал эми үчүнчү орунду “Президенттин администрациясы” командасы алды.


Оюн Бишкектеги “Газпром” комплексинде өтүп, чүчү кулактын жыйынтыгында алты команда эки тайпага бөлүнгөн:


А тайпасына “Алга”, “Бизнес” жана “ЖМК” командалары кирди;

В тайпасына “Президенттин администрациясы”, “Федерация” жана “Өнөр” командалары кирди.


В тайпасында “Президенттин администрациясы” командасы “Федерацияны” 3:2 эсебинде утса, “Өнөр” командасы менен 2:2 эсебинде тең чыкты. Ал эми тайпанын акыркы оюнунда “Федерация” командасы менен “Өнөр” 1:1 эсебинде тең чыккан.


А тайпасында “Бизнес” командасы “Алганы” 2:0 себинде утса, “Алга” “Журналисттерди” 3:1 эсебинде артта калтырды. “Бизнес” менен “Журналисттер” командаларынын ортосундагы оюну 4:0 эсебинде бизнесмендердин жеңиши менен аяктаган.

Мелдештин жарым финалына “Бизнес коомчулугу”, Өнөр”, “Алга” жана “Президенттин администрациясы” командалары көтөрүлгөн. Анда “Өнөр” командасы 2:1 эсебинде “Бизнес коомчулугун”, “Алга” командасы “Президенттин администрациясын” 4:2 эсебинде уткан.


Аталган турнирдин башкы максаттарынын бири өлкөдө спортту жайылтуу жана өнүктүрүү, ошондой эле сергек жашоо образына үндөө.


Беттештерге президенттин администрациясынын, ата-мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн