2015-жылы түзүлүп, тракторлорду жайнатып, шаарларды жарыктандырабыз деп убада берген "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын убадалары канчалык аткарылган? Бул тууралуу Али Токтакунов медиахабы иликтеп көргөн.
Иликтөөдөгү маалыматка таянсак, аты аталган партиянын 130 убадасынын 56 аткарылган.
Мындан сырткары, иликтөөдө партиянын хайп жараткан депутаттары тууралуу айтылган.
Мисалы, кыргыз тилинде окуй албаган Гульшат Асылбаева, "сексалю" атына конгон Тазабек Икрамов жана "уялчаак" депутат Камчыбек Жолдошбаев тууралуу сөз болгон.
Пикирлер (1)