Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 16:38
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Өскөн-Ордо 2 конушунда 64 гектар айыл чарба жерин мыйзамсыз саткан жаран кармалды

10.03.2023 13:26
1246
Өскөн-Ордо 2 конушунда 64 гектар айыл чарба жерин мыйзамсыз саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл аймагындагы 64,5 гектар жерди тилкелерге бөлүп, эскертүү берилгенине карабай курулуш иштерин жүргүзүп жаткан адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул туурасында Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Ал аймак жергиликтүү элдин арасында Өскөн-Ордо-2 деп аталган.


53 жаштагы бул адамга чара көрүп берүүнү суранып, Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылынын өкмөт башчысы О.Р. 6-мартта кат менен милицияга кайрылганы айтылган.

"Айыл өкмөттүн башчысы Кара-Жыгач айыл аймагындагы № 9, 10, 26, 27, 28, 29, 30, 31, 32, 33, 34, 35, 36, 37, 38, 39, 40, 41, 42 контурларындагы 64,5 гектар жер тилкесинде фундаменттер мыйзамсыз куюлуп, орнотулган электр мамыларга электр линиялар өткөрүлүп жаткандыгына байланыштуу эскертүү берилгенине карабастан жер тилкенин ээси К.Т. аттуу жаран куруу иштерин токтотпой жаткандыгын билдирип, ага мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган", — деп айтылган маалыматта.

Аталган факт Аламүдүн РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренесинде көрсөтүлгөн ("Бөтөн жер участогун өзү билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзү билемдик менен курулуш куруу") кылмыш курамы менен кылмыш иши козголгон.

"Тергөө учурунда К.Т. аттуу жаран мыйзам бузуу менен Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылынын жогоруда көрсөтүлгөн айыл чарба багытындагы жерлердин багытын бузуп, өзү билемдик менен электр мамыларын жана шагыл менен жайылтып жол жасап, участокторго бөлүп турак жай куруу үчүн элге сатып жатканы аныкталган", — деп айтылган билдирүүдө.

Милиция аталган киши менен кошо айыл чарба багытындагы жер тилкелерин турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатууга аракет жасап жаткан кылмыштуу шериктештердин ким экенин аныктоо боюнча иштерди баштаганы айтылды.

"Бөтөн жер участогун өзү билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге курулуш салгандарга мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт", — деп эскертишкен Чүй облустук милициясынан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн