Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 15:32
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Өскөн Жээнбаев, ЖКнын экс-депутаты: Мурдагы парламенттик, бүгүнкү президенттик башкаруунун айырмачылыктары

30.01.2024 12:19
3361
Өскөн Жээнбаев, ЖКнын экс-депутаты: Мурдагы парламенттик, бүгүнкү президенттик башкаруунун айырмачылыктары


Садыр Жапаровдун президенттик кызматына киришкен 3 жылдык мөөнөтүндө жасалган жумуштардын тизмесин окуп калдым. Чындыгында тизме узун, жасалган иштер арбын экени далилдер менен көрсөтүлүптүр. Курулуштардын көрсөткүчү, бүткөн жолдордун аралыгы, өндүрүштүк ишканалар, темир жол, кыргыз армиясынын кубаттуу болушу, өзгөчө кырдаалдар тармагына келген техникалар, вертолет, самолет, жол курган, жүргүнчү ташыган техникалар көп алыныптыр. 


Мындай кыска аралыктагы натыйжаларды – мамлекеттик башкаруунун туура тандалганы менен байланыштырдым. Мисалы, 2010-2020-жылдар аралыгында парламенттик башкаруу жолун тандап жашап көрдүк. Бийлик үч баштуу болуп калган. Аталышы парламенттик, негизги күч президенттин колунда, өкмөттүн курамын фракциялар бөлүп алган. Энчиге тийген министрликке адистиги, деңгээли туура келбесе дагы “биздин фракциянын үлүшү”-деп дайындай беришкен. Мамлекеттин жоопкерчилигин мойнуна эч ким алган жок, үч баштуу бийлик бири-бирине шылтап, ал ортодо коррупция гүлдөп, саясий кландар калыптанды. Натыйжада парламенттик башкаруу кыргызга эч ылайыксыз экенин көрсөттү. 


Садыр Жапаровдун президенттик башкарууну тандап алып, “элдин жүгүн мойнуна алдым, бүт жоопкерчилиги менде, талапты мага айтып, суракты менден кыласыңар”-деген чечкиндүүлүгү натыйжаларды берди. Бюджет эки эсе көбөйдү, салык менен бажы төлөмдөрү 3 эсе көп чогулуп жатат. 


Инвестициялык климат түзүлдү, коррупция, уюшкан кылмыштуу топтун кысымынан куткарды. Ишкерчиликке терс таасирин тийгизген текшерүүлөрдү чектеди. Айта берсе дагы көп маанай көтөрчү далилдер бар. Чындыгында 30 жылдан ашык сазга баткан системаны, тамырлашып кеткен кылмыштуулукту кыска аралыкта тазалап, жолго салуу оңойго турган жок. Айтайын дегеним – президенттик башкарууну тандаганыбыз туура жол болгон экен.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн