Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 11:20
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Өспүрүм кыздын кафе кызматкерлери тарабынан зордукталышы: Шектүү кармалды

09.08.2022 10:16
1157
Өспүрүм кыздын кафе кызматкерлери тарабынан зордукталышы: Шектүү кармалды

Өспүрүм кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирет.


Маалым болгондой, Чүй облусунун 58 жаштагы жараны анын 2005-жылы төрөлгөн кызы зордукталгандыгы тууралуу арыз менен кайрылган.

Арыз кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, иш козголгон.


Козголгон кылмыш ишинин негизинде бардык экспертизалар дайындалып, кылмышка шектүү катары 2002-жылы төрөлгөн У.Э. аттуу жаран кармалган.


Аталган иш боюнча Чүй облустук ички иштер башкармалыгы тыкыр иликтөө жүргүзөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн