Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 16:46
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Өспүрүмдөрдүн руханий өнүгүүсүнө зыян келтирген телепрограммаларга тыюу салынат

27.05.2020 16:04
1010
Өспүрүмдөрдүн руханий өнүгүүсүнө зыян келтирген телепрограммаларга тыюу салынат


Кыргызстанда телерадио уюмдарына жана телерадиоберүү операторлоруна саат 7:00дөн 23:00гө чейинки эфир убактысында жашы жете электердин жана жеткинчектердин дене мүчөсүнүн, интеллектуалдык жана руханий өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү жаңылыктар мүнөзүндөгү эмес телерадиопрограммаларды жана телерадиоберүүлөрдү трансляциялоого жана ретрансляциялоого, ошондой эле анонс жасоого тыюу салынат.


Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов Жогорку Кеңештин бүгүн, 27-майдагы жыйынында айрым мыйзам актыларына (“Тарыхый - маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө”) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун жактап жатып билдирди.


Анын айтуусунда, телерадио уюмдары жана телерадиоберүү операторлору жашы жете электердин телерадиопрограммаларды же телерадиоберүүлөрдү көрүүсүнө техникалык жактан чектөө киргизүү боюнча чараларды колдонууга тийиш.


Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик каралат. Ушул мыйзам менен жөнгө салынган укуктук мамилелерден келип чыгуучу талаштар административдик иштер жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте каралат.


Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорго каршылыгын билдирсе, депутат Бакирдин Субанбеков министрлик тарыхый-маданий жайлардын сакталышын көзөмөлгө алышы керектигин кошумчалады. 


Депутат Тариел Жоробеков болсо мыйзам долбоорундагы чаралар бузулганда кандай жоопкерчилик каралганына кызыкты. Министр Азамат Жамангулов тиешелүү жоопкерчилик чаралары Бузуулар жана жоруктар кодекстеринде каралганын белгиледи. “Анда аталган кодекстерге шилтеме берилиши керек”, - деди депутат Тариел Жоробеков.


Ал эми депутат Аалы Карашев Бишкек шаарындагы тарыхый - маданий жайлардын сакталышы тууралуу маселени көтөрүп: “Тарыхый - маданий жайларды коргоо жана колдонуу тууралуу мыйзамда жоопкерчилик так жазылган. Бирок, мыйзам долбоорунда кодекстерге шилтеме сунушталууда. Мында кандай максат каралган?”, – деди.


Ошондой эле депутат Рада Туманбаева колдонуудагы мыйзамдагы 39 - беренени өзгөртүүсүз калтырууну сунуштаса, депутат Наталья Никитенко мыйзам долбоору ченемдик чараларды бузарына токтолуп, кабыл алууга каршылыгын билдирди.


Бир катар депутаттар да мыйзам долбоорун четке кагууну кошумчалашты.


Талкуу соңунда мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн