Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 10:05
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Өткөн суткада 11 ак халатчандан коронавирус аныкталып, 37 медик айыкты

10.08.2020 11:22
923
Өткөн суткада 11 ак халатчандан коронавирус аныкталып, 37 медик айыкты


Бир сутка ичинде өлкө боюнча 11 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти. 

 

Жаңы учурлар:


• Нарын облусунда – 1;
• Ош шаарында – 2;
• Баткен облусунда – 4;
• Жалал-Абад облусунда – 3;
• Чүй облусунда – 1.

Ал эми бир суткада 6 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 31 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2959 учур катталды, алардын ичинен 2178 медкызматкер айыгып чыкты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн