Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 20:59
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Өткөн суткада 12 ак халатчандан коронавирус аныкталып, 27 медик айыкты

15.08.2020 11:42
967
Өткөн суткада 12 ак халатчандан коронавирус аныкталып, 27 медик айыкты


Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.


Жаңы учурлар:


• Бишкек шаарында – 2;
• Ош шаарында – 1;
• Баткен облусунда – 4;
• Ысык-Көл облусунда – 1;
• Чүй облусунда – 1;
• Ош облусунда – 3.

Ал эми бир суткада 9 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 18 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.


Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3018 учур катталды, алардын ичинен 2315 медкызматкер айыгып чыкты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн