Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 11-августтагы брифингде билдирди.
• Бишкек шаарында – 2;
• Ош шаарында – 1;
• Ош облусунда – 3;
• Баткен облусунда – 4;
• Жалал-Абад облусунда – 2;
• Ысык-Көл облусунда – 2.
Ал эми бир суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 23 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2981 учур катталды, алардын ичинен 2242 медкызматкер айыгып чыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн