Бир сутка ичинде өлкө боюнча 15 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.
Жаңы учурлар:
• Бишкек шаарында – 4;
• Ош шаарында – 1;
• Ош облусунда – 1;
• Баткен облусунда – 3;
• Жалал-Абад облусунда – 3;
• Ысык-Көл облусунда – 3.
Ал эми бир суткада 3 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 14 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3006 учур катталды, алардын ичинен 2288 медкызматкер айыгып чыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн