Бугу 07, 2024
Убакыт: 21:06
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Өткөн суткада 32 ак халатчандан коронавирус аныкталып, 69 медик айыкты

30.07.2020 11:20
1027
Өткөн суткада 32 ак халатчандан коронавирус аныкталып, 69 медик айыкты


Бир сутка ичинде өлкө боюнча 32 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

 

Жаңы учурлар:


• Ош ш. – 9;
• Ош облусунда – 7;
• Жалал-Абад облусунда – 2;
• Ысык-Көл облусунда – 6;
• Нарын облусунда – 2;
• Баткен облусунда – 6.

Ал эми бир суткада 13 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 56 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2743 учур катталды, алардын ичинен 1664 медкызматкер айыкты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн