Бугу 08, 2024
Убакыт: 04:33
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Өткөн суткада 37 ак халатчандан коронавирус аныкталып, 34 медик айыкты

06.08.2020 11:24
880
Өткөн суткада 37 ак халатчандан коронавирус аныкталып, 34 медик айыкты


Бир сутка ичинде өлкө боюнча 37 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 6-августтагы брифингде билдирди. 


Жаңы учурлар: 


- Ош шаарында – 13

- Жалал-Абад облусунда – 13

- Ош облусунда – 2

- Баткен облусунда – 6

- Ысык-Көл облусунда – 2

- Нарын облусунда – 1


Ал эми бир суткада 5 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 34 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.


Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2911 учур катталды, алардын ичинен 1973 медкызматкер айыкты. 





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн