Бир сутка
ичинде өлкө боюнча 47 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы
аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын
башчысы Айнура Акматова билдирди.
Жаңы учурлар:
• Бишкек ш. – 9
• Чүй облусунда – 15
• Ош ш. – 6
• Ош облусунда – 10
• Баткен облусунда – 4
• Ысык-Көл облусунда – 3
Ал эми бир суткада 11 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.
Жалпысынан республика
боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2428 учур
катталды, алардын ичинен 624 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн