Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 00:15
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Өткөн суткада 5 ак халатчандан коронавирус аныкталып, 14 медик айыкты

17.08.2020 11:23
974
Өткөн суткада 5 ак халатчандан коронавирус аныкталып, 14 медик айыкты


Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 17-августтагы брифингде билдирди.


Жаңы учурлар:


• Бишкек шаарында – 1;
• Чүй облусунда – 1;
• Жалал-Абад облусунда – 1;
• Ош облусунда – 1;
• Баткен облусунда – 1.

Ал эми бир суткада 5 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 9 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3035 учур катталды, алардын ичинен 2342 медкызматкер айыкты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн