Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 17:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Өткөн суткада 50 ак халатчандан коронавирус аныкталып, 447 медик айыкты

22.07.2020 10:18
1133
Өткөн суткада 50 ак халатчандан коронавирус аныкталып, 447 медик айыкты

 

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 50 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

 

Жаңы учурлар:

• Бишкек ш. – 12;
• Чүй облусунда – 10;
• Ош ш. – 9;
• Ош облусунда – 5;
• Жалал-Абад облусунда – 4;
• Баткен облусунда – 64
• Ысык-Көл облусунда – 4.


Ал эми бир суткада 23 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары уй карантинден 444 медициналык кызматкер айыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2478 учур катталды, алардын ичинен 1091 медкызматкер айыкты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн