Кыргызстанда өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 11-сентябрдагы брифингде билдирди.
Маалыматка караганда, учурда стационарларда 514 бейтап дарыланууда. Ал эми 2165 бейтап амбулатордук дарылануудан өтүп жатат.
Өлкө боюнча илдет башталгандан бери жалпы 1063 адам коронавирустан каза болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн