Өткөн сукада Караколдо жана Манас районунда унаалар толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Каракол шаарынын Островский көчөсүндө жайгашкан №8 үйдүн жыгач устундуу шифер жабылган гаражынын 52 чарчы метр чатыры жана ичиндеги “Пассат” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.
Ошондой эле, Манас районунун Кара-Арча айылынын
Акматалы көчөсүндө “Мерседес” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн